Баку менен Анкаранын ортосундагы пикир келишпестик эмнеден улам жаралды
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 30-октябрда Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун XIII саммитине келген жок. Анын ордуна өлкөнү тышкы иштер министри Джейхун Байрамов тааныштырды. Жакын союздаштардын ортосунда талаш-тартыш болуп турган маалда Алиевдин келбегени суроолорду жаратты. Бирок Баку расмий түрдө президенттин чечимин пикир келишпөөчүлүккө байланыштырган жок, ал эми азербайжандык ЖМКлар президенттин мурда пландалып калган иштери бардыгын белгилешти.
Азербайжанда мектеп формасына киргизилген жаңы талаптар талаш-тартыш очогуна айланды. Ал 21-сентябрда кабыл алынган, ал эми 12-октябрдан баштап хиджаб кийген окуучуларга сабакка кирүүгө тыюу салынганы тууралуу маалыматтар пайда болгон. Документте хиджаб түз айтылбаган, бирок иш жүзүндө ага чектөөлөр жасалган.
Азербайжанда нааразылык акциялары башталды. Акциялар Түркиядагы азербайжан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдында да өттү. Чектөөлөрдү бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын кээ бир өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын президентинин кеңешчиси Октай Сарал сынга алышты. Баку болсо алардын билдирүүлөрүн ички иштерге кийлигишүү катары баалады.
Коомдук талаш-тартыштан кийин конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Азербайжан 31 түркиялык жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Азербайжан бийлиги ошондой эле Түркияда жүргөн жети адамга эл аралык издөө жарыялаганын билдирди. Аларга коюлган айыптардын ичинде конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктар жана диний жек көрүүнү козутуу боюнча да бар.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Баку Саралдын кызматтан кетишин да талап кылган. 26-октябрда анын Эрдогандын кеңешчиси кызматынан кеткени белгилүү болду. Сарал президенттин буйругу менен кызматтан кеткенин билдирди. Ошол эле учурда тараптар анын кетиши Анкара менен Бакунун ортосундагы келишимдин бир бөлүгү болгонун ачыкташпады.
Белгилей кетчү нерсе, эки өлкөнүн Израил менен болгон мамилелери боюнча да пикирлери ар башка. Түркия анын палестиналыктарга карата жасаган аракеттерин кескин сындап жатса, Азербайжан Израил менен тыгыз байланышын сактап келет. 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жетектеген түрк делегациясы Израилдин президенти Ицхак Герцог сүйлөп жатканда залдан чыгып кетти. Түркия баштаган ондон ашык өлкөнүн өкүлдөрү ушундай кадамга барышкан. Бирок бул кадамды Азербайжан бийлигине каршы нааразычылык катары кароого негиз жок.
Алардын ортосундагы пикир келишпестиктер ачыкка чыгып, Эрдогандын кеңешчисинин кызматтан кетиши менен коштолду. Ошого карабастан, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы мамилелердин үзүлүшү жөнүндө сөз кылуу эрте. Өлкөлөр коргоо, энергетика жана транспорт тармактарында тыгыз кызматташтыкты сактап келишет. Учурдагы талаш-тартыш Баку ички саясатына айтылган сынга, ал эң жакын өнөктөшүнүн өкүлдөрү тарабынан айтылган учурда дагы, өтө курч реакция кылаарын көрсөтүп турат.
