8 октябрь

Инновациялар – инвестициядан жыйынтыкка

Ачкачылык – бул качууга мүмкүн болбогон көрүнүш. Дүйнөдө учурда жалпы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болгон ресурстар, инструменттер, технологиялар жана билим аз эмес. Бирок ошол эле убакта 2025-жылы мурдагыдай эле ачкачылыктан 645 миллион адам жабыркады, планетанын болжол менен ар бир үчүнчү жашоочусунун ден соолукка пайдалуу таза азыктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Бүгүнкү күндө илимий жетишкендиктер жана жаңы технологиялар аркылуу көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жана коомдук түзүлүшү түп-тамырынан өзгөрүлүп жатканына карабастан, адамдарга  өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, азык-түлүккө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, жашоо шарттарын жакшыртууга жана тышкы таасирлерге туруктуулукту бекемдөөгө жардам берчү инновациялар жеткиликсиз бойдон калууда. Маселе инновациялардын жоктугунда эмес, алардын жетиштүү деңгээлде колдонулбай жатканында: жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган жана экономикалык жактан жеткиликтүү технологияларды иштеп чыгуу үчүн негиз катары сыналган чечимдерди колдонуу керек, ошондо фермерлер жана агроазык-түлүк ишканалары аларды кеңири масштабда туруктуу пайдаланууга инвестиция салышат.

Дал ушул суроого быйыл "Бүгүнкү инновациялар  –  азык-түлүктүн эртеңки камсыздалышы" аттуу темага арналган Дүйнөлүк азык-түлүк күнүндө басым жасалат. Агроөнөр жай системаларын өзгөртүүнүн негизинде “эч ким көңүлдөн сырт калбаш керек” деген принципти сактоо менен төрт багытта жакшыртууларды жүргүзүү боюнча комплекстүү мамиле жатат: өндүрүштү жакшыртуу, тамактануунун сапатын жакшыртуу, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана жашоо сапатын жакшыртуу.

Тактап айтканда, санариптик консультациялык кызматтар фермерлерге аба ырайы, базар баалары тууралуу маалыматтарды берип турушат, анын жардамы менен  чарбаны башкаруу жана продукцияны сатуу боюнча жүйөлүү чечимдерди кабыл ала алышат. Ветеринардык көзөмөл жана эрте эскертүү системалары пайда болгон коркунучтарды алдын ала аныктоого өбөлгө болот, анын аркасында ветеринардык кызматтар жана мал чарбалары оору пайда болгонго чейин эле чара көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Топурактын нымдуулугун жана азык заттардын курамын аныктоочу сенсорлор, ошондой эле так ирригациялык системалар фермерлерге ресурстарды жана өндүрүш факторлорун натыйжалуу пайдаланууга жол ачат. Спутник жана геомейкиндик куралдар өлкөлөргө токойлорду жана жерди пайдалануунун өзгөрүүлөрүн байкоого шарт түзөт. Мындан тышкары, өкмөттөр тамак-аш бааларына, камсыздоого жана соодага терс таасир этүүчү факторлордун пайда болушун алдын алуу, ошондой эле жооп кайтаруу ылдамдыгын жогорулатуу үчүн сапаттуу рыноктук маалыматтарды жана эрте эскертүү системаларын колдоно алышат.

Муундан муунга фермерлер, жергиликтүү элдер жана жамааттар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сактоо жана өстүрүү, сууну табуу жана чектелүү суу ресурстарын туура пайдалануу, топуракка кам көрүү, ландшафттарды жана био ар түрдүүлүктү башкаруу менен алектенишет. Алардын билимине жана чарба жүргүзүү ыкмаларына негизделген айыл чарба системалары азыркы учурда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) "Дүйнөлүк маанидеги айыл чарба мурастарынын системалары" (ГИАХС) программасынын алкагында таанылып, колдоого алынууда. Бул билимдер азыркы учурда дагы инновациялардын маанилүү булагы болуп саналат, ал заманбап илимдин жетишкендиктери жана технологиялар менен айкалышып, өндүрүүчүлөргө өзгөрүлүп жаткан климаттык жана экологиялык шарттарга ыңгайлашууга жардам берет.

Ошол эле учурда, натыйжалуулугу далилденген инновациялар фермерлер үчүн физикалык же экономикалык жактан жеткиликтүү болбой калат же жергиликтүү айыл чарба шарттарына жетиштүү деңгээлде ылайыкташтырылбайт. Миллиондогон майда өндүрүүчүлөрдүн – анын ичинде аялдар менен жаштар да бар – каржылоого, технологияларга, инфраструктурага, маалыматка, рынокторго жана байланыш каражаттарына мүмкүнчүлүгү дагы деле чектелүү, бул инновацияларды киргизүүгө жана алардын масштабын кеңейтүүгө таасирин тийгизет.

Мындай ажырымды жоюу үчүн илим, инновациялар жана алардын практикалык ишке ашырылышы ортосундагы байланыштарды мекемелер, өкмөттөр, жеке сектор, өндүрүүчү уюмдар жана жамааттар менен биргелешип иштөө аркылуу бекемдөө зарыл. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дагы бул ишти уюштурууда инновациялык ыкмаларды колдонот, анын ичинде жалпы санариптик платформалар, мамлекеттик айыл чарба билимдерин жайылтуу системалары, кооперативдер жана инновацияларга жетүүнүн чыгымдарын азайтууга жана колдонуучулардын чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берген башка механизмдер бар. Колдонуучулар менен биргеликте чечимдерди иштеп чыгуу инновациялардын жергиликтүү муктаждыктарга жооп берээрин, техникалык жактан ишке ашырууга жөндөмдүү жана үнөмдүүлүгүн, ошондой эле кеңири масштабда кабыл алынып, узак мөөнөткө колдонууга мүмкүн болоорун кепилдейт.  

Айыл чарба тармагындагы изилдөөлөр айыл аймактарын өнүктүрүүгө байланыштуу эң кирешелүү инвестициялардын бири катары жалпыга таанылган. Инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү аракети далилденген инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны, мекемелерди, көндүмдөрдү жана өнөктөштүктү өнүктүрүү менен коштолушу керек. Инновациялык ыкмаларды киргизүү айыл чарба азык-түлүк системаларынын экологиялык изин азайтууда чечүүчү мааниге ээ болот, анткени алар дүйнөлүк парник газдарынын эмиссиясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт жана болжол менен дүйнөлүк тузсуз суунун 70 пайыздан ашыгын пайдаланат. Ошондой эле, фермерлерге жана башка өндүрүүчүлөргө климаттын кескин өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашууга жардам берүү жагынан да маанилүү.

Инновациялар жергиликтүү реалдуулукту жана муктаждыктарды эске алуу менен, тиешелүү саясий чараларга таянып, узак мөөнөттүү инвестициялар менен бекемделүүсү кажет. Өкмөттөр инновацияларды жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, илимий изилдөөлөргө, инфраструктурага жана билимди жайылтуу кызматтарына инвестиция сала алышат; ишканалар бар идеяларды экономикалык жактан жеткиликтүү өнүмдөргө жана кызматтарга айлантышат; ал эми өндүрүүчүлөр жана жамааттар, өз кезегинде, бул идеялардын ишке ашып, натыйжа берүүсү үчүн зарыл болгон билимдерди бөлүшүшөт.

Бул нерселер ири өнөр жайлуу өлкөлөргө да ылайык келет. Мисалы, сапаттуураак маалыматтар жана аналитикалык куралдар аркылуу жеткирүүдөгү мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү алдын ала билүүгө жана азык-түлүк рынокторундагы процесстердин татаалдашуусунун шартында жаңы тобокелдиктерди аныктоого болот. Инновациялар товарларды жеткирүү чынжырларын бекемдөөгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыздоого жана дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүндө өзгөрүү болсо, ал башка аймактардагы да азык-түлүк бааларына таасирин тийгизген шартта керектөөчүлөрдүн укугун коргоого өбөлгө түзө алат. Мында инновациялар алардын негизинде инвестициялык жана банктык каржылоо критерийлерине жооп берген долбоорлорду түзүү аркылуу киргизилгенде гана натыйжа берет. Бул үчүн илимди жана технологияны колдонуп, ойлонулган долбоордук чечимдерди, жашоого жөндөмдүү бизнес-моделдерди, тобокелдиктерди бөлүштүрүү куралдарын жана мамлекеттик жана жеке каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл, ошондо келечектүү чечимдерди пилоттук долбоорлордун алкагында сыноодон аларды өнөр жай масштабында ишке ашырууга өтүүгө болот, бул байкалаарлык экономикалык, социалдык жана экологиялык натыйжаларды алуу максатында жасалат. 

Ар бир жаңы түшүм мурда жаратылган нерселердин шарапаты менен өсөт. Ар бир жаңы жетишкендик билимге – тажрыйбага жана жаңы билимге таянат. Инновациялар муктаж болгон адамдарга жана жамааттарга жеткиликтүү болуп, кызыкчылыктарына кызмат кыла баштаганда, келечекте бүткүл дүйнөнү азыктандыруучу түшүмдүн пайдубалы түптөлөт.

Цюй Дунъюй
Цюй Дунъюй БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Башкы директору