Жер семирткичтердин кымбатташы Кыргызстандагы азык-түлүктөрдүн баасын жогорулатышы мүмкүн
Дүйнөлүк минералдык жер семирткичтердин баасынын өсүшү айыл чарбасы үчүн жаңы коркунуч жаратууда. Кымбаттоонун себеби - Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр. Кыргызстан үчүн бул бир нерсени билдирет. Эгерде фермерлер жер семирткичтерди кымбат сатып алууга аргасыз болушса, мезгил өткөн сайын ата мекендик продукциянын өздүк наркы да жогорулайт.
«Бай Элим» компаниясынын негиздөөчүсү Рысгүл Акимжанова мүмкүн болгон кесепеттер жөнүндө эскертет. Анын айтымында, карбамид, аммиак жана күкүрт жеткирүүдөгү көйгөйлөр айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн чыгымдарын көбөйтөт, ал эми кийинчерээк дүкөндөрдөгү бааларга да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул кооптонууларды Дүйнөлүк банк, ФАО жана Reuters маалыматтары тастыктайт. Дүйнөлүк карбамид экспортунун болжол менен үчтөн бир бөлүгү жана фосфат жер семирткичтерин өндүрүү үчүн өтө зарыл болгон күкүрттүн деңиз аркылуу ташылган көлөмүнүн дээрлик жарымы Ормуз кысыгы аркылуу өтөт. Перс булуңундагы кырдаалдын курчушунан кийин айрым ишканалар продукцияны өндүрүүнү азайтып, ташуулар жайлап, кемелерди жеткирүү жана камсыздандыруу боюнча чыгымдар кескин өскөн.
Июнь айынын аягына карата 600 миң тоннага жакын карбамид жана 400 миң тоннадай күкүрт жөнөтүлүшү керек болчу. 500дөн ашык кеме иши жок калды.
Кесепеттери дароо эле байкалды. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын апрель айында карбамиддин тоннасы 850 доллардан ашуунга бааланып, бул эки ай мурунку көрсөткүчтөн болжол менен 80% жогору болгон. Эгерде үзгүлтүктөр улана берсе, жылдын жыйынтыгы боюнча жер семирткичтердин дүйнөлүк баа индекси 30%дан ашык өсүшү мүмкүн.
Агрардыктар үчүн бул айдоо иштерине кетүүчү чыгымдардын көбөйүшү дегенди билдирет. Айрыкча, жер семирткичтерди алдын ала чоң көлөмдө сатып алууга мүмкүнчүлүгү аз болгон чакан чарбаларга оор тиет. Мындай шарттарда көпчүлүк жер семирткичтерди азыраак колдонууга же талаа иштеринин бир бөлүгүн кийинкиге калтырууга аргасыз болушат. Кесепеттери кийинчерээк байкалат: түшүмдүүлүк төмөндөшү, ал эми продукциянын өздүк наркы жогорулашы мүмкүн.
Кыргызстан үчүн бул тобокелдик өзгөчө сезилет. Өлкөдөгү айыл чарба продукциясынын 92,6%ы дыйкан, фермер жана жеке менчик чарбалар тарабынан өндүрүлөт. Жер семирткичтерге, күйүүчү майга, үрөнгө жана башка ресурстарга баанын өсүшүн биринчилерден болуп алар сезишет.
Кырдаалды өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгы татаалдатат. 2025-жылы Кыргызстан 1,292 миллиард долларга азык-түлүк товарларын импорттогон, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 32%га көп. Ошол эле учурда, тамак-аш продукциясынын экспорту 320,2 миллион долларга чейин кыскарган.
Баанын өсүшү өлкө ичинде да байкалууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын декабрь айында тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар орточо эсеп менен 9,9% кымбаттаган. Жаңы эт 14,6%, күн карамайынын майы – 17,9%, ун – 4,9% кымбаттаган.
Жер семирткичтердин азыркы кымбатташынын таасири дароо эле көрүнбөйт. Адегенде айдоо иштерине кетүүчү чыгымдар көбөйөт, андан кийин продукциянын өздүк наркы жогорулайт. Эгерде дүйнөлүк баалар жогору бойдон калса, бул азык-түлүк бааларына да таасирин тийгизет.
Ошондуктан, азыртан эле даярдануу керек. Кийинки айдоо иштери башталганга чейин өлкөнү керектүү көлөмдөгү жер семирткичтер менен камсыз кылуу, жеткирүүчүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү жана чакан фермердик чарбаларды колдоо чараларын көрүү маанилүү. Болбосо, агрардыктар жаңы сезонго жогорку чыгымдар менен киришет, ал эми бир нече айдан кийин сатып алуучулар да алардын чыгымынын өсүшүн сезишет.
