15 июнь

Физика жана математика – ар бир мектептин приоритеттүү багыты болушу керек, бул заман талабы

Эмне үчүн физика менен математика илимдери мамлекетибиздин келечеги үчүн маанисиз болуп калды?  Анткени аталган илимдер Кыргызстанда терең жана туташ кризиске кептелгенине мына, 36 жыл болду. Мындай кырдаал мектептен университеттерге чейин жайылды. Илимдер академиясы дагы өз башын сактап кала албады.Мен алгачкы жылдары мындай кыйраткыч кризистин себептерин өлкөбүздү каптаган саясий жана экономикалык апаат менен байланыштырып жүрдүм. Ооба, чынында эле ошондой болду. Атамекендик өндүрүшүбүздүн талкаланышын Батыш бизге таңуулаган «Песак» программасы менен байланыштырып келебиз. Туура! СССРден энчиленип калган завод-фабрикаларыбыз таш-талканы чыгып кыйрады. Болгондо дагы, ошол кездеги кыргыз бийлигинин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашты. Демек, бул максаттуу түрдө жасалган диверсия болду. Анткени Кыргызстанда өндүрүштү талкалап, элди алгачкы доорго кайтарып келип, кыңк дедирбей башкарып алуу максаты турган. Бирок мындай экспансиянын толук ишке ашышына бир чоң жолтоо бар болчу. Ал – Союздан энчи болуп калган биздин кубаттуу жалпы жана кесиптик билим берүү системабыз эле. Башталгыч, орто жана жогорку билим берүү системасы күчтүү болчу.

Мындай экспансияга коңшуларыбыз акылмандык менен каршылык көрсөтүп, өз системаларын сактап калышса, биздин алабарман жана саткын жетекчилерибиз Батыштын эмиссарларына толук баш ийип, билим берүү жана илим системабызды карышкырча талкалап киришти. Жыйынтыгын бүгүн көрүп жатабыз.

Натыйжада мектептерде физика менен математика сабактары кескин түрдө кыскарып, формалдуу гана мүнөзгө айланды. Мурда биз мектепте бул эки илимдин фундаменталдуу негиздерин окуп чоңойдук. Азыр болсо, атайылап сырттан таңууланган «псевдопрограммаларды» карасак, физика менен математика максатка жеткидей окутулбай калганын байкайбыз. Мындай абалды атайын жасалган диверсия катары гана кабыл алганыбыз оң.

Эми президент Садыр Жапаров бул маселеге катуу көңүл бурууну талап кылып жатат. Бирок эмнеге «араба дагы эле ордунан жылбай койду?» Менимче, жылбайт. Анткени анын аткаруучулары дагы деле сырттан таңууланган диверсиячылардын ишенимдүү желдеттери. Алар башкача өзгөрүп иштеп кете алышпайт. Керек болсо, аларды сырткы кожоюндары жаңыча иштетишпейт дагы. Азыр техниканын жана жаңы технологиялардын дүркүрөп өсүп, адамдын жашоо сапатын кескин жакшыртып жаткан заманында биз, кыргызстандыктар, артта калып отурабыз. Ошондуктан техниканын өзөгү болгон физика менен математиканын баасы миллион эсе күчөп турган кези.

Ал үчүн башты канжыгага байлап коюп, аталган эки илимди окутуунун саясатын түп-тамырынан бери кайра куруп чыгышыбыз зарыл. Бул иш түйшүктүү көрүнгөнү менен өзүбүздүн гана колубуздан келе турган нерсе.

Кыргызстанда так илимдерди окутуудагы  эң негизги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун атап өтөйүн. Биринчиден, физика менен математика сабактарынын жумалык сааттарынын санын мурдагы абалына кайтаруу абзел. Экинчиден, профилдик мугалимдердин социалдык абалын өзгөчө тарифтер аркылуу колдоо зарыл. Физика сабактарынын лабораториялык базасын чыңдоо керек. Ушундай эле иш-чаралар КУУ, ОшМУ, КТУ жана башка бардык университеттердин тиешелүү факультеттерине да тиешелүү.

Илимдер академиясынын Физика жана Математика институттары жаңы демилге менен кайрадан түзүлүп чыгышы бүгүнкү күндүн кечиктирилгис чараларынын бири. Ооба, ал үчүн өкмөт көп каражат бөлүүгө тийиш болот. Бирок бул келечек үчүн жасалган иш эмеспи? Андай болбосо, экөөбүз талкуулап жаткан көйгөйлөрдү көтөрбөй эле койгонубуз оң болмок. Ошондуктан, менимче, президент Садыр Жапаров тез аранын ичинде абалды тиешелүү эксперттер менен талкуулап, «Физика-математика илимдерин жана аларды окутуунун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» аттуу Жарлык чыгарышы өтө зарыл болуп турат. Министрлер кабинетине тиешелүү буйруктар берилсе, кризистен чыгып кетүүгө кеңири жол ачылмак. Мында өзгөчө акыл менен аракеттин деле зарылдыгы жок. Саясий эрк гана талап кылынат!

Физика менен математиканын таасири аркылуу гана бүгүн өтө актуалдуу болуп турган жасалма интеллект жана жаңы технологиялар пайда болду. Физика жаңы метаматериалдарды жаратса, математика мурда болуп көрбөгөндөй программалоо иштерин өнүктүрдү. Бул эки предметтин келечегин көрө билген өлкөлөр аларды эчак эле приоритеттүү багыт катары карап, колдоп келишет. Мисалы, Кытай, Япония, Корея жана башка Түштүк-Чыгыш мамлекеттери. АКШ менен Евробиримдикти айтпай эле коёюн. Россия баштаган коңшуларыбыз да бул тармакта системалуу саясат жүргүзүп, алгачкы ийгиликтерге жетишип жатышат. Тилекке каршы, бул багытта биздин чиновниктер президент койгон талаптарды так жана ыкчам аткарууга кудуретсиз болуп жатышат. Ал турсун, демилгелүү адамдардын аракеттерин колдобой, бут тосуп, четтетип жатышкандарычы. Мен муну өз башым менен сездим. 

Азыр Кыргызстанда ЖИ боюнча өтө билимдүү жаш адистер бар. Алар жеке фирмаларда гана жумуш таап, тиричилигин өткөрүп келишет. Мамлекеттик кызматтарга барышайын дешсе, ал жерде тууганчыл, жердешчил жана коррупционер жетекчилер отурат. Жакын жолотпойт.Абал ушундай. Ал  жерде таланттуу жана билимдүү кызматкерлер жок эмес. Бирок алар «аба ырайын» өзгөртө алышпайт. Анткени аларды эч ким колдобойт. Акыры тажаганда кетип калышат же түрдүү шылтоолор менен кетиришет. Ошондуктан ЖИ менен жаңы технологияларды көтөрүп кете турган кадрларды көздүн карегиндей сактап, аларга шарт түзүү бүгүнкү саясаттын өзөгү болушу зарыл.

Так илимдер байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейин чечүүчү ролду ойноп келди. Эң жөнөкөй дөңгөлөктөн баштап бүгүнкү ультра заманбап техникалар менен технологиялар физика, химия жана математика менен түз байланыштуу.

Бул илимдер жараткандын адамзатка ыйгарган энчиси. Дал ушул илимдер аркылуу адам баласы өзүнүн жашоо сапатын жакшыртып, жаратылыштын ар кандай шарттарына ыңгайлашып жашап келет. Ошондуктан бул илимдерди акылдуу жетекчилер ар дайым тынымсыз колдоп келишет жана анын пайдасын көрүп жатышат. Демек, бизде бир гана жол бар. Ал физика менен математиканы тынымсыз колдоп, өнүктүрүү. Ар бир мектептин приоритеттүү багыты ушул эки илим болушу бүгүнкү күндүн талабы экенин унутпашыбыз керек.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев мурдагы билим берүү министри