Психологту кантип тандап алуу: жөнөкөй эрежелер
Биздин тынчы жок жашообузда стресс менен күрөшкөн адамдар кээде профессионал психологдун жардамынын маанисин жетиштүү баалашпайт. Биз денебизди дарылаган дарыгерлерге кайрылабыз, бирок ички абалыбызды унутуп, жандүйнөнүн дабагерлерине көңүл бурбайбыз.
Жакшы психолог – бул психология жаатында базалык билими бар, ыкмаларга жана инструменттерге ээ профессионал гана болбостон, кардар үчүн коопсуз чөйрөнү түзө билген, купуялуулукту жана этикалык нормаларды карманган адам.
Ал боорукер жана кардарга көңүл буруп, анын акыбалын түшүнүп, кандай болсо ошол турушунда эч бир сындабай кабыл алат. Жакшы психолог кардарына даяр жоопторду жана чечимдерди сунуштабастан, анын өзүн жакшы түшүнүүсүнө жана жеке ресурсун өзгөрүүлөр үчүн колдонуусуна жардам берет. Ал дайыма өзүнүн компетенттүүлүгүн билет жана андан ашкан нерсени албайт.
Ошондуктан биздин профессиядагы адис бир топ тажрыйбалуу кесиптешинен супервизия алып турат, ошондой эле жумушуна өзүнүн чечилбеген көйгөйлөрүн көтөрүп келбеши үчүн жеке терапиядан өтөт.
Мен кардарларды “жаман” жана “жакшы” деп бөлбөстүгүмдү айтып жооп бергим келет. Мында бир гана кардардын жеке мүнөздөмөсү тууралуу сөз болуп жаткан жок, кеп терапиялык процесстин динамикасына да тийиштүү. Мисалы, татаалдык кардар канчалык деңгээлде өзгөрүүлөргө даяр экенине, ал өзүнүн суроо-талабын канчалык түшүнөт жана иштешүүгө канчалык ачык экенине байланыштуу болушу мүмкүн.
Эң “татаал” кардар – бул терапияга келген, бирок ички дүйнөсүндө ага даяр болбогон кардар. Мисалы, терапияга өз каалоосу менен эмес, башкалардын: өнөктөшүнүн, туугандарынын же мугалиминин басымынын астында келген адамдар. Алар психологдун эмгегин төмөндөтүп, ыкмалардын эффективдүүлүгүнө шек жаратышы же өзгөртүүлөр үчүн жоопкерчиликти адиске өткөрүп салышы мүмкүн. Бул жерде кыйынчылык ишенимди орнотууда жатат, кардарга өзгөрүү үчүн өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүүгө жардам берүү жана өзүнүн үстүнөн иштөө – бул мүмкүнчүлүк экенин, кимдир бирөө “керек” деп айтканы үчүн иштеп баштагыдай ал адамга карыздар эместигин жеткирүү.
"Жөнөкөй" кардар – бул өзгөрүүгө умтулган, өзүнүн кыйынчылыктарын түшүнгөн жана иштөөгө даяр адам. Мындай адам көбүнчө ачык, чынчыл жана терапия кээде көп убакытты талап кылган процесс экенин түшүнөт. Бирок белгилеп кетүү маанилүү: кардардын жөнөкөйлүгү же татаалдыгы аны жакшы же жаман кылбайт. Бул алардын ошол учурдагы өзгөрүү абалын гана чагылдырат. Психологдун милдети – алардын жанында болуу, колдоо жана эч убакта баалабоо.
Психологдун терапиясы канчалык пайдалуу жана көмөкчү болоору анын жөндөмүнө жана билимине гана эмес, кардардын өзүнүн мотивациясына да түздөн-түз көз каранды. Себеби бул эки тараптын процесси: жакшы жана сапаттуу берүү аздык кылат, аны да алып, өздөштүрүү керек!
