18 ноябрь

Ири державалардын кызыкчылыктарынын ортосундагы Борбор Азия

2025-жылдын 6-ноябрында Ак үйдө C5+1 форматындагы саммит болуп өттү. АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен жолугушту. Ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан катышты.

C5+1 идеясы дээрлик он жыл мурун башталган. Башында ал тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги дипломатиялык аянтча катары иштеген. Жо Байдендин убагындагы жолугушууда коопсуздук маселелеринен тартып экономикага, технологияга жана климатка басым жасалган.
Дональд Трамптын администрациясынын учурундагы азыркы раундда жеке секторго таянуу менен инфраструктуралык жана инвестициялык демилгелерди илгерилетүү линиясы улантылды. Биринчи жолу жалпы темалар гана эмес, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү механизмдери да талкууланды. Алардын катарында инвестициялар, логистика, энергетика жана технологиялар бар.

Мындай өнүгүү америкалык стратегиянын кайрадан каралып жатканын билдирет. Америка Кошмо Штаттары Борбор Азияны геоэкономикалык кеңири мейкиндиктин бир бөлүгү катары кабыл ала баштады. Бул жерде Вашингтондун, Пекиндин, Москванын, Тегерандын жана Брюсселдин кызыкчылыктары кесилишет. Мындай конфигурациянын шартында АКШ аймактын өлкөлөрүнө өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү жолун сунуштайт. Инвестицияларга, жеке сектордун катышуусуна жана инфраструктуралык чечимдерге басым жасалууда.

2021-жылы Афганистандан чыккандан кийин Вашингтондун аймакка болгон кызыгуусу азайган. Бирок геосаясий абал өзгөрдү. Кытай жана Россия менен атаандаштык күчөдү. АКШ жаңы жеткирүү жолдорун жана ресурстардын булактарын издей баштады. Борбор Азия Чыгыш менен Батыштын, Түштүк менен Түндүктүн ортосундагы түйүн катары көңүл борборунда болуп калды. Москва жана Тегеран менен өз ара аракеттенүү чектелип калгандыктан, анын шартында аймактын мааниси өстү. Бул логистикага да, стратегиялык эсептөөлөргө да тиешелүү. 

Тышкы саясаттын стили да өзгөрдү. Аскердик катышуу жана кысым көрсөтүүнүн ордуна экономика, логистика, технологиялар жана "жумшак күч" деп аталган куралдар приоритет болуп калды.

Президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында Өзбекстан АКШ менен 135 миллиард долларлык келишимдерге кол койду. Алардын ичинде пайдалуу кендер, айыл чарба, жогорку технологиялар, энергетика жана авиация тармактарындагы долбоорлор бар. Казакстан 30дан ашык келишимге кол койду, анын ичинде санариптик трансформация жана Boeing учактарын жеткирүү бар. Президент Садыр Жапаров баштаган Кыргызстан жаңы экономикалык жана логистикалык демилгелерге катышууга даяр экенин билдирди. АКШ ошондой эле, Тажикстан жана Түркмөнстан менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Суу ресурстарын башкаруу, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана энергетика темалары талкууланды. 

Мындай активдүүлүк өлкөлөрдүн кызматташтыкты чыңдоого умтулуусун көрсөтөт. Ошол эле учурда мамлекеттердин саясий системалары, институционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана приоритеттери ар кандай бойдон калууда.

Биринчиден, технологияларга, инвестициялык агымдарга, билим берүү жана институционалдык программаларга жеткиликтүүлүк кеңейүүдө. АКШ жеке секторду колдоо жана дүйнөлүк кошумча нарк чынжырларына интеграциялоонун негизинде өнөктөштүктү сунуштайт. 
Экинчиден, региондогу өлкөлөр өз позицияларын координациялоого мүмкүнчүлүк алышат. Платформа ички туруктуулукту чыңдоого жана эл аралык мамилелерде субъективдүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул дүйнөлүк күч борборлорунун ортосундагы атаандаштык күчөгөн шартта өзгөчө маанилүү.

Белгилүү бир чектөөлөр болоору анык. Демилге азырынча өнүгүүнүн баштапкы баскычында турат. Бюджет, туруктуу катчылык жана иш-чаралардын үзгүлтүксүз программасы жок. АКШдагы администрациян лмашса, ал тышкы саясий приоритеттерди өзгөртүшү мүмкүн. Ошондой эле чөлкөмдүн айрым өлкөлөрүндөгү экономикалык туруксуздукка байланыштуу тобокелдиктер бар.

Тышкы чакырыктарды жокко чыгаруу болбойт. Кытай, Россия жана Иран өз таасирин күчөтүшү мүмкүн. Маанилүүсү, Борбор Азия мамлекеттери өнөктөштөрдүн ортосунда катуу тандоого кабылбашы керек. Чөлкөм күч борборлорунун бирине гана болчу көз карандылыктан качып, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна умтулуусу зарыл.

Ички саясий кыйынчылыктар да бар. Казакстан менен Өзбекстан аймактык лидерлик үчүн атаандашууда. Түркмөнстан обочолонуу моделин карманат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда трансчекаралык кызматташтык, анын ичинде суу ресурстарын башкаруу жана чек ара кызматташтыгы жаатында талылуу маселелер сакталып турат.

Ар бир мамлекет өзүнүн милдеттерине жараша иш алып барат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ички реформаларды улантууда. Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев көп векторлуу тышкы саясатты ырааттуу өнүктүрүүдө. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бейтараптуулукка жана туруктуу өнүгүүгө басым жасап жатат. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон энергетика тармагын чыңдоого жана суу ресурстарын башкарууга көңүл бурууда. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов чөлкөмдүк демилгелерге тандалма катышуу менен чектелет. 

Азырынча жалпы стратегия калыптана элек. Ошого карабастан, бардык беш мамлекеттин катышуусу жана алардын диалогго даярдыгы тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин көрсөтүп турат.

Жок эле дегенде эки багыт бар. Биринчи сценарий форматтын институционалдык өнүгүүсүн болжолдойт. Структура, туруктуу каржылоо жана иш-чаралардын календары пайда болот. Мындай эволюция жамааттык позицияны калыптандырууга жана аймактык субъективдүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө болот. 

Экинчиси, кызматташтык протоколдук жолугушуулар жана эки тараптуу келишимдер деңгээлинде калат. Өлкөлөр көп тараптуу механизмге өтпөстөн, АКШ менен өз алдынча кызматташтыкты өнүктүрүшөт. Келечек саясий эрктен жана катышуучулардын ортосундагы координациянын деңгээлинен көз каранды.

Чөлкөм бара-бара геосаясий кесилишине айланууда. Анда негизги державалардын кызыкчылыктары, маршруттары жана стратегиялары кесилишет. Мындай абал мүмкүнчүлүктөрдү да, кыйынчылыктарды да жаратат. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ийкемдүүлүктү сактоо жана институционалдык туруктуулукту чыңдоо өтө маанилүү. Узак мөөнөттүү келечектеги ийгилик салмактуу жана көз карандысыз тышкы саясатты куруу жөндөмдүүлүгүнө жараша аныкталат.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт