Өлкө экономикасы жаңы аз көмүртектүү технологияларга ыңгайлашуусу керек
Климаттын өзгөрүшү глобалдык экономикада барган сайын өзгөчө орунга ээ болууда. Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык жылуулукту азыркы он жылдыктын эң чоң экономикалык коркунучу деп атады. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү айлана-чөйрөгө олуттуу зыянын тийгизет. Алсак, инфраструктурага зыян келтирип, адамдардын өлүмүнө алып келет, биологиялык ар түрдүүлүккө таасирин тийгизет, суунун жетишсиздигин күчөтөт жана адамдын түздөн-түз кыйратуучу таасирине дуушар болгон экосистемаларды начарлатат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер Муратбек Шайымкулов климаттын өзгөрүшү – бул биринчи кезекте антропогендик фактор – атмосферага парник газдарынын чыгышы менен шартталган глобалдык көрүнүш экендигин билдирди.
“Жерге жакын орточо жылдык температуранын (14°С) кылымдык динамикасы өзгөчө 1960-жылдан бери өзгөрүп, кескин жогорулай баштаган. Глобалдык жылуулуктун кесепети мөңгүлөрдүн эришине, суу ташкындарына, жаан-чачындын азайышына, кургакчылыкка алып келүүдө”, - дейт ал.
Чынында эле, Эл аралык валюта фондунун кызматкерлеринин илимий баяндамасында көрсөтүлгөндөй, климаттык кырсыктардын айынан экономиканын өсүшү киши башына жыл сайын 2%га чейин кыскарган.
Муратбек Шайымкуловдун айтуусунда, Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү биринчи кезекте экономикага таасирин тийгизүүдө: мөңгүлөрдүн эриши, айыл чарба багытында колдонулган жайыт жерлеринин деградацияга учуроосу.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, 2016-жылдан 2020-жылга чейин өзгөчө кырдаалдардан эң көп зыян Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында байкалган ((ИДПга карата 0,11%, 0,23% жана 0,2%).
“Климаттын өзгөрүүсүнө бир гана экономика эмес, социалдык тармак да алдын ала даяр болуп, мамлекеттик саясаттын борборунда болушу керек. Парник газдарын чыгарууну азайтуу менен өлкө келечекке кам көрөт, ал эми Улуттук адаптация планын иштеп чыгуу менен азыркы муунга кам көрөт деп түшүнсөк болот. Ошондуктан да БУУӨПтүн долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ деп айтсак болот”, - деген пикирин билдирди Муратбек Шайымкулов.
Мамлекеттик эмгек сиңирген ишмер бизде төрт климаттык зона бар экендигин айтты. Алар, Түндүк-Чыгыш, Түндүк-Батыш, Түштүк-Батыш жана Ички Тянь-Шань.
“Менимче, экономикалык райондоштурууда бул климаттык зоналардын ортосундагы айырмачылыктар эске алынышы керек, ошого жараша экономикалык саясат бул зоналарда ар кандай адаптациялоо ыкмаларын талап кылат. Эртеби-кечпи өлкөнүн экономикасы жаңы аз көмүртектүү технологияларга ыңгайлашууга туура келет, башкача айтканда, көмүр, мунай жана көгүлтүр отту колдонууну кескин кыскартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүгө даярдык көрүү. Башкача сөз менен айтканда, биз экономикалык саясатта келечектеги өзгөрүүлөргө даярданып, эки багытта чараларды көрүшүбүз керек экенин эске алуу керек: бир жагынан, бул табигый өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу чаралары, экинчи жагынан, бул дүйнөлүк технологиялык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу чаралары”.