Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтары жыл башынан бери 20%дан ашык кымбаттады
Сүрөт: depositphotos.com
29 август

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтары жыл башынан бери 20%дан ашык кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери мейманкана жана ресторан кызматтарынын баасы 21,6%га өстү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди.

Июль айында июнь айына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 3,1%га жогорулаган.

2025-жылдын июлуна салыштырмалуу мейманкана жана ресторан кызматтарынын баасы 29,2%га кымбаттаган.

Ал эми 2026-жылдын январь–июль айларында бул кызматтардын орточо баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн.