Улуттук банк насыя алуу боюнча өзүн-өзү чектөө механизмин киргизүүнү карап жатат
26 март

Улуттук банк насыя алуу боюнча өзүн-өзү чектөө механизмин киргизүүнү карап жатат

Кыргызстандын Улуттук банкы насыя алуу боюнча өзүн-өзү чектөө механизмин киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын трагасы Мелис Тургунбаев билдирди. 

Анын айтымына караганда, Улуттук банк «насыя алууга өзүн-өзү чектөө» механизмин киргизүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеп, анын КРнын шарттарында ишке ашыруу мүмкүндүгүн талдап чыкты. 

«Бул маселе мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен талкууланды. Өзүн-өзү чектөөнү киргизүү жарандарга өз ыктыяры менен өз наамына насыя алууга тыюу салууга мүмкүндүк берет. Бул, айрыкча, адамдын маалыматысыз насыялардын алынуусунан сактануу үчүн кошумча коргонуу чарасы болот. Мындай ыкма насыя алууну пландабаган жана ушул сыяктуу тобокелдиктерден сактанууну каалаган жарандар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн», - деди ал.

Тургунбаев бул механизмди ишке ашыруу үчүн кеңири иштер жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Анын ичинде:

• Мамлекеттик органдар жана банктар менен талкууларды өткөрүү

• Керектүү техникалык чечимдерди иштеп чыгуу

• Мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Улуттук банк бул багыттагы иштерди улантууда жана кийинки кадамдар боюнча коомчулукту маалымдап турмакчы.