Кыргызстанда күздүк себүү үчүн 163 миң гектар жер айдалды
29 декабрь

Кыргызстанда күздүк себүү үчүн 163 миң гектар жер айдалды

Күздүк себүү жумуштары Кыргызстан боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. 

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата анын ичинен 162,0 миң гектар жер айдалып, жалпы пландын 65% аткарылды.

Факт түрүндө себилген күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 152,2 миң гектар аянтты түзүп, анын 83,5 миң гектары кайрак жерлерге, 68,6 миң гектары сугат аянттарга себилген. Ал эми күздүк арпа жалпы 9,8 миң гектарга эгилген болсо, анын ичинен 2,9 миң гектары сугат, 6,8 миң гектары кайрак жерлерге туура келет.

Облустар боюнча:

Баткен облусунда 7,3 миң га себилип, анын 6,58 миң га күздүк буудай (сугат — 4198,0 га, кайрак — 2385,0 га), 793 га күздүк арпа (сугат — 363 га, кайрак — 430 га) түздү.

Жалал-Абад облусунда 19,6 миң га себилип, анын 17,7 миң га күздүк буудай (сугат — 7,9 миң га, кайрак — 9,7 миң га), 1934,5 га күздүк арпа (сугат — 40,5 га, кайрак — 1854 га) түздү.

Ош облусунда 20,1 миң себилип, анын 18,7 миң га күздүк буудай (сугат — 8,1 миң га, кайрак — 10,5 миң га), 1426 га күздүк арпа (сугат — 75 га, кайрак — 1351 га) түздү.

Талас облусунда 5,3 миң га күздүк буудайдын айдоосу толук бүткөрүлүп, анын бардыгы сугат жерлерге себилди.

Чүй облусунда 100,2 миң га себилип, анын 94,56 миң га күздүк буудай (сугат — 37,4 миң га, кайрак — 57,1 миң га), 5,6 миң га күздүк арпа (сугат — 2599,0 га, кайрак — 3170 га) түздү.

Ысык-Көл облусунда 9,2 миң га себилип, анын 9,2 миң га күздүк буудай (сугат — 5582 га, кайрак — 3697 га) түздү.

Республика боюнча 2026-жылга күздүк эгиндерди айдоо иштери жыйынтыкталды. Ным топтоо план боюнча 150,0 миң га. каралса иш жүзүндө 58,2 миң га аткарылды.