Республика боюнча 2025-жылы товардык балык өндүрүшү 19,5 миң тоннага жетти
Кыргыз Республикасынын аймагында 2025-жылы товардык балык өндүрүшүнүн көлөмү 19 508,85 тоннаны түздү. Бул көрсөткүч Балык өнөр жайы комплекси департаменти менен келишимдик негизде иш алып барган балык чарба көлмөлөрүндөгү физикалык жана юридикалык субъектилердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында камсыздалды.
Аймактар боюнча эң жогорку өндүрүш көлөмү Чүй облусунда катталып, бул аймакта 12 844,8 тонна товардык балык өндүрүлгөн. Андан кийинки орундарда:
- Жалал-Абад облусу – 2 845,6 тонна,
- Ысык-Көл облусу – 1 505,3 тонна,
- Нарын облусу – 1 373,2 тонна,
- Талас облусу – 533,45 тонна,
- Ош облусу – 406,5 тонна турат.
Өндүрүлгөн товардык балыктын негизги бөлүгүн төмөнкү түрлөр түзөт:
- кубулжума жилингир (радужная форель) – 17 132,05 тонна,
- карп (сазан) – 813,2 тонна,
- башка түрдөгү балыктар – 1 563,6 тонна.
Товардык балык өндүрүшүнүн өсүшү Кыргыз Республикасында балык чарбачылыгынын туруктуу өнүгүп жатканын жана өлкөнүн бардык аймактарында аквакультура тармагынын масштабдуу түрдө кеңейип жатканын айгинелейт.
