Кыргызстандын аймагында жакында дагы 2 мал базары ачылат
12 декабрь

Кыргызстандын аймагында жакында дагы 2 мал базары ачылат

2024-жылдын башынан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгѳн иш-чаралардын негизинде өлкө боюнча 7 жаңы муниципалдык мал базарлар курулуп, ишке берилди.

Алар: 

  • Баткен,
  • Ноокат,
  • Токтогул,
  • Тоң,
  • Лейлек,
  • Айтматов,
  • Сокулук райондорунда.

Ал эми азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда жана Кадамжай районунда 2 мал базар жакынкы күндө бүткөрүлүп ишке берилет.

Республика боюнча бүгүнкү күндө 43 мал базар ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, анын ичинен 18 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет.

Ал эми 25 мал базарга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилип талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат жана көрсөтмөлөрдү аткарбагандыктан Ноокат жана Москва районундагы 2 мал базар ишмердүлүгү токтотулду.