Таласта төө бурчактын «томат» сорту 100–105 сомдон сатылууда
4 сентябрь

Таласта төө бурчактын «томат» сорту 100–105 сомдон сатылууда

Манас районунда күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү башталып, дыйкандар түшүм жыйноо иштерин кызуу жүргүзүүдө. Айрыкча төө буурчактын түшүмдүүлүгү жогору болуп, ал дыйкандар үчүн кирешелүү болуп жатат.

Райондо айдалган төө буурчактын «томат» сорту гектарына орто эсеп менен 1,8–2 тонна түшүм берип, базар баасы 100–105 сомдон сатылууда. Бул сорттун өзгөчөлүгү – үрөнүнөн алынган буурчактары чоң, формасы тегиз жана бышкандан кийин формасын сактап, тамак-ашка пайдалуулугу менен айырмаланат. Дал ушул сапаттары үчүн аталган сорт ички рынокто гана эмес, чет өлкөлөрдө да чоң суроо-талапка ээ.

Бүгүнкү күнгө карата район боюнча 120 гектар жерден түшүм жыйналды. Учурда Манас районунун дыйкандары жыйналган түшүмдү Россия жана Түркия мамлекеттерине экспорттоо менен жергиликтүү экономикага олуттуу салым кошуп жатышат. Төө буурчактын экспорттук агымы аймактагы фермерлер үчүн кошумча киреше алып келип, айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө болууда.

Министрлик тарабынан дыйкандарга түшүмдү сапаттуу сактоо, экспортко даярдоо жана чет элдик рынокко чыгаруучу каналдарды кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.