Баткен облусунда мандариндин сортторун сыноо мерчемделди
26 март

Баткен облусунда мандариндин сортторун сыноо мерчемделди

2025-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти Баткен облусунда мандариндин (цитрус өсүмдүгү) жаңы сортторун сыноону пландоодо. Ал эми суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алынып келинет.

Сыноолордун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда.

Мандарин сортторун сыноо ийгиликтүү өтө турган болсо белгилүү көлөмдө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкөнүн ички рыногунда жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөт.