Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы дүйнө өлкөлөрүндө өзүнүн глобалдуу катышуусун бекемдөөдө
КР СӨП
28 май

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы дүйнө өлкөлөрүндө өзүнүн глобалдуу катышуусун бекемдөөдө

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы дүйнө өлкөлөрүндө өзүнүн глобалдуу катышуусун бекемдөөдө, деп билдирет уюмдун басма сз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун кезектеги жыйынында дүйнөлүк негизги бизнес жана каржы борборлорундагы палатанын жаңы өкүлдөрү бекитилди.

Экономикалык дипломатияны өнүктүрүү, ата мекендик бизнести тышкы рынокко жылдыруу, инвестицияларды тартуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү:

Кытай Эл Республикасында - Шанхайда жана Цзянсу провинциясында (Нанкин) - Айдаралиев Байыш; Улуу Британияда - Сариев Нарынбек Шейшеналиевич; Гонконгдо жана Сингапурда — Ван Вэй; Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясында — Чжан Вэйдун; Бириккен Араб Эмираттарында - Марат Турсунбеков.

Чет өлкөлүк өкүлдөрдүн тармагын кеңейтүү Соода-өнөр жай палатасынын кыргыз бизнеси үчүн эффективдүү эл аралык аянтчаны түзүү боюнча системалык стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы өкүлдөр ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, инвесторлорду жана өнөктөштөрдү издөөгө, Кыргызстандын экспорттук потенциалын илгерилетүүгө, бизнес демилгелерди колдоого, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшөт.