Мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн жаңы маалыматтык система иштелип чыкты
13 февраль

Мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн жаңы маалыматтык система иштелип чыкты

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинде Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияларды берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы – «Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотацияларды берүүнүн бирдиктүү системасы» (кыскача аталышы – АМС «Дотация») иштелип чыкты. Система Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

АМС «Дотация» мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн арыздарды берүү, кароо жана эсепке алуу процесстерин санариптештирүүгө жана автоматташтырууга, ошондой эле үрөндөрдүн кыймылын мониторинг кылууга жана аларды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө арналган.

Система процедуралардын ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана реалдуу убакыт режиминде аналитикалык отчеттуулукту түзүүгө мүмкүндүк берет.

АМС «Дотация» системасынын негизги функционалдык мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • жеткиликтүүлүк укуктарын бөлүштүрүү менен колдонуучуларды онлайн каттоо жана идентификациялоо (үрөнчүлүк чарбалар, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, райондук комиссиялар, Департамент);
  • мпаалыматтарды автоматтык текшерүү менен мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн электрондук арыздарды берүү жана коштоп жүрүү;
  • электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен электрондук документ жүгүртүү;
  • электрондук протоколдорду түзүү жана кол коюу менен комиссиялардын онлайн жыйындарын өткөрүү;
  • район аралык жеткирүүлөрдү жана логистиканы кошо алганда, үрөндөрдүн кыймылын мониторинг кылуу;
  • фото- жана GPS-фиксация менен үрөндөрдүн максаттуу пайдаланылышы боюнча электрондук актыларды түзүү; борборлоштурулган электрондук архивди жүргүзүү жана аналитикалык отчеттуулукту түзүү.