Кыргызстанда инвестициялардын көлөмү дээрлик 60% өстү
Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери негизги капиталга инвестициялар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8%га өстү.
Январь-июль айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Айрыкча тышкы булактардан каржылоо 3,1 эсеге көбөйгөн. Ички булактардын эсебинен салынган инвестициялар 1,4 эсеге өскөн.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестиция салуунун рекорддук өсүш темпи катталууда.
Инвестициялардын өсүшү курулуш, өндүрүш, инфраструктура жана башка узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоонун көбөйгөнүн көрсөтөт.
