Кыргызстандын өнөр жай жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Ярославлда тааныштырылды
КР СӨП
14 октябрь

Кыргызстандын өнөр жай жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Ярославлда тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков Ярославль шаарында өткөн Өнөр жай жумалыгына катышты.

Иш-чаранын алкагында көргөзмөлөр, ишкердик жолугушуулар жана Эл аралык соода-өнөр жай конгресси уюштурулуп, өндүрүштүк кооперацияны жана аймактар аралык экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кубанычбек Осмонбеков кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгы тууралуу баяндама жасап, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана өнөр жай потенциалын тааныштырды.

Айрыкча өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, логистика жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорго көңүл бурулду.

Негизги максат — Кыргызстанга инвестиция тартуу, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана ата мекендик продукциянын тышкы рынокторго чыгышына көмөктөшүү.