Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 15 эсеге өстү 
8 июль

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 15 эсеге өстү 

2025-жылдын алгачкы беш айында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 6,35 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн бир нече эсеге көп. Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдөн Кыргызстанга экспорт 1,59 миллион долларга жетсе, Кыргызстандан импорт 4,76 миллион долларды түздү. 

Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын январь-май айларында эки өлкөнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүү болгону 405,1 миң долларды түзгөн. Өсүш 15 эседен ашып, муну эксперттер саясий мамилелердин акырындык менен калыбына келишине жана президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 8-9-июлда Дүйшөмбүгө болчу мамлекеттик сапарына даярдык көрүүгө байланыштырышууда.

Сонку он жылда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көтөрүлүү жана төмөндөө мезгилдерин баштан кечирди. Эң жогорку көрсөткүч 2018-2019-жылдары катталып, дээрлик 60 миллион долларды түзгөн, анын ичинен Кыргызстандан импорт 48 миллион доллардан, Тажикстандан экспорт 14 миллион доллардан ашкан. 

Белгилей кетсек, 2020-жылдагы чек ара чырына чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 37 миллион долларды түзсө, андан кийин 2023-жылы 12 миллион долларга чейин төмөндөгөн. 2024-жылы 13,5% өсүш катталган. 

2020-жылдан баштап туруктуу төмөндөө башталган: 2021-жылы көлөм 26,2 миллион долларга, 2022-жылы – 15 миллион долларга, ал эми 2023-жылы – 11,4 миллион долларга чейин азайган. 2024-жылы көрсөткүч 11,6 миллион доллар тегерегинде минималдуу деңгээлде калган.

Кыргызстан Тажикстан менен соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүүнү жана бир кыйла жогорулатууну көздөйт. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу тар форматта өтүп, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулап, 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин жеткирүү максатын коюшту.

Кыргыз-тажик мамилелерин бекемдөөдөгү маанилүү кадам катары, 12-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлду – бул дээрлик 23 жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Чек аранын узундугу болжол менен 980 км. Келишимге кол коюлгандан кийин президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон расмий делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө сооданы өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнүн максаттуу көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү боюнча аракеттерди координациялоо үчүн премьер-министрлердин жетекчилиги астында Өкмөттөр аралык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашышты. 

Президент Садыр Жапаров келишимге кол коюу эки өлкөнүн өз ара мамилелеринин тарыхында тагдыр чечүүчү окуя болоруна ишенимин билдирди. 

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик сапары башталды. Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип бул мамлекеттик сапарды комментарийледи:

“Эреже катары, эл аралык тажрыйбада мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарлары белгилүү бир убакыт аралыгында ишке ашырылат. Кыска мөөнөттүн, 4 айдын ичинде, тараптардын өз ара макулдугу менен Тажикстан менен мамлекеттик сапарларды алмашуубуз кыргыз дипломатиясынын тарыхындагы оң прецедент болуп саналат. Бул мамлекетибиздин башчысы, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун Борбордук Азия мамлекеттери менен көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, достук, өз ара ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди тереңдетүүгө болгон бекем чечкиндүүлүгүнөн кабар берет. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин тажик тараптын чакыруусун кабыл алып, ушунчалык кыска мөөнөттө Тажикстанга жооп иретиндеги мамлекеттик сапар менен баруу чечими мамлекет башчысынын Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын, анын ичинде Баткен жана Ош облустарынын чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, коңшу өлкөлөр менен мамилелерди чыңдоо аркылуу өзгөчө маанилүү, артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын көрсөтөт”.