Ариет Санжарова, “Мисс Кыргызстан – 2024” титулунун ээси: “Жеңиш – бул бир гана кубаныч эмес, чоң жоопкерчилик дагы”
Сулуулук сынагы – сырткы сулуулукту гана эмес, акыл-парасатты, талантты, кайраттуулукту жана мекенге болгон сүйүүнү да сынаган чоң аянтча. Дүйнөлүк сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Ариет Санжарова катышаары күтүлүүдө. Ал буга чейин, 16 жашында “Мисс Кыргызстан – 2024” титулуна ээ болгон. Ал бизге сулуулар сынагына кантип келип калганын, күтүлбөгөн жеңиш эмнеси менен баалуу экенин жана алдыдагы пландарын, дүйнөлүк сынактан эмне күтүп жатканы тууралуу айтып берди.
– Ариет, 16 жашыңда “Мисс Кыргызстан” наамын жеңип алган экенсиң. Азыр эмне менен алексиң?
– Мен азыр 18 жаштамын. Учурда моделдик тармакта иштеп, эл аралык сулуулар сынагына даярданып жатам. Бош убактымда бий менен машыгам, бийлегениме 10 жыл болду. Ошондой эле коомдук жана чыгармачылык долбоорлорго активдүү катышам.
– «Мисс Кыргызстан» таажысын кийгендеги сезимдериң эсиңдеби? Конкурска кандайча катышып калдың эле?
– Ооба, ал күндөрдү абдан жакшы эстейм. 16 жашымда «Мисс Кыргызстан» наамын жеңгеним мен үчүн күтүүсүз жана ошол эле учурда абдан бактылуу учур болгон. Мен моделдик тармакка 2022-жылдан бери аралашып келем. Буга чейин «Мисс Бишкек» сынагына катышып тажрыйба топтогом. Кийин «Мисс Кыргызстанга» катышып, өлкөмдүн атынан чет жакка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Жеңиштен кийин кубаныч менен бирге чоң жоопкерчилик келгенин сездим. Ар бир айткан сөзүмө жана жасаган кадамыма жоопкерчилик менен мамиле кыла баштадым.
– Сулуулук сынактарына катышкан кыздарды «сырткы келбети менен гана бааланат» дегендер бар. Бул пикирге эмне деп жооп берет элең?
– Мен бул пикирге толук кошулбайм. Сулуулук сынагында сырткы келбет маанилүү болгону менен, ал эң негизги нерсе эмес. Өзүңдү алып жүрүү, билим, сүйлөө жөндөмү, маданият, максат жана ички дүйнө да абдан маанилүү. Менимче, чыныгы сулуулук – адамдын ички дүйнөсү менен сырткы келбетинин гармониясында.
– Учурда кайсы дүйнөлүк сулуулар сынагына даярданып жатасың? Даярдык кандай жүрүп жатат?
– Учурда эл аралык деңгээлдеги “Жер сулуусу” сынагына даярданып жатам. Ал ноябрь айында Филиппин аралында өтөт. Даярдык абдан кызуу жүрүп жатат: сахнада өзүмдү алып жүрүү, дефиле, спорт, англис тили, интервью жана образ боюнча иштеп жатам. Ошондой эле Кыргызстандын маданиятын жана тарыхын дүйнөлүк аудиторияга татыктуу көрсөтүүгө даярданып жатам.
– Сахнада Кыргызстанды кандай образда тааныштыргың келет?
– Мен Кыргызстанды заманбап, өзүнө ишенген, ошол эле учурда өзүнүн тарыхын жана салтын унутпаган өлкө катары тааныштыргым келет. Менин образымда кыргыз элинин күчү, меймандостугу жана аялзатынын назиктиги айкалышса дейм.
– Таажы жана сахнадан тышкары ата-энеңе кандай кызсың? Бир тууган катары кандайсың?
– Таажы сахнада калат, ал эми үйдө мен ата-энемдин кызы бойдон калам. Ата-энемдин ишенимин жана колдоосун абдан баалайм. Алардын алдында кандай жетишкендиктерим болбосун, жөнөкөй жана мээримдүү кыз бойдон калууга аракет кылам. Бир туугандарыма да ар дайым колдоо көрсөтүп, керек учурда жанында болгонго аракет кылам.
– 16 жаштагы өзүңө азыр кандай кеңеш берет элең?
– «Өзүңө ишен, эч ким менен өзүңдү салыштырба жана кыялдарыңдан коркпо» деп айтмакмын. Ошондой эле ар бир мүмкүнчүлүктү баалап, ката кетирүүдөн коркпой, дайыма өзүңдүн үстүңдөн иштөөгө кеңеш берет элем.
– Он жылдан кийин өзүңдү кайсы тармакта элестетесиң?
– Он жылдан кийин өзүмдү эл аралык деңгээлде ийгиликке жеткен, өз өлкөмдү дүйнөгө тааныткан жана коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашырган айым катары элестетем. Моделдик жана медиа тармагын улантуу менен бирге өзүмдүн жеке долбоорлорумду түзүп, жаш кыздарга мотивация бере алган инсан болгум келет.
