Голливуд жылдыздары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет
2026-жылдын 1-сентябрында «Манас» эл аралык аэропортуна дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрү – Дон «Дракон» Уилсон, Бай Линг, Збигнев Жмудский жана Эркен Ялгашев учуп келишет.
Чет өлкөлүк коноктор Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында келип, Ысык-Көл облусунда өтө турган Оюндардын маданий жана спорттук иш-чараларына катышат.
Дон «Дракон» Уилсон – америкалык актер, продюсер, белгилүү мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Ал «Кровавый кулак», «Огненное кольцо», «Черный пояс» жана башка тасмалардагы ролдору менен кеңири таанылган.
Бай Линг – Голливуддун белгилүү актрисасы. Ал «Ворон», «Красный угол», «Анна и король», «Такси 3», «Звездные войны: Эпизод III – Месть ситхов» жана башка ири эл аралык кинодолбоорлорго тартылган.
Збигнев Жмудский – польшалык кинопродюсер, Европа киноиндустриясынын өкүлү жана бир катар эл аралык кинодолбоорлордун катышуучусу.
Эркен Ялгашев – казак тектүү америкалык режиссер, продюсер жана актер, эл аралык киноиндустрияда эмгектенип келет.
Сапардын алкагында коноктор Кыргызстандын маданияты, каада-салты жана улуттук мурасы менен жакындан таанышып, Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кеңири маданий жана спорттук программасына катышат.
