Иллюстрациялык сүрөт
26 октябрь
Ала-Бука районунда быйыл 147 ишкана ачылып, 226 жумуш орду түзүлдү
2026-жылы Ала-Бука районунда 147 ишкана ачылып, 226 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу 25-октябрда президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышкан кезде айтылды.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде 66 чакырымдан ашык жол асфальтталып, 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалган.
"Ирригация тармагында ири курулуш жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, «Чанач-Сай» суткалык жөнгө салуучу бассейнинин экинчи кезегин жана жаңы «Сумсар-Сай» суткалык жөнгө салуучу бассейнин куруу каралган", - деп айтылат билдирүүдө.
