Ала-Бука районунун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Ала-Бука районунун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда

Ала-Бука районунун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы 25-октябрда тараткан маалыматта айтылат. 

Белгилей кетсек, күн мурун мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.

"Райондун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. 2021-жылы бул көрсөткүч 4,4 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 145,6%га өсүп, 10,9 млрд сомго жеткен. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,5 млрд сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө", деп айтылат маалыматта.

Тартылган инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 945,3 млн сомдон 2026-жылы 2,5 млрд сомго чейин өскөн.