
КРны өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасы-2030: негизги багыттарды талкуулоо
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасын иштеп чыгууга арналган стратегиялыкталкууга старт берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясынын өкүлдөрү, негизги министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери, ар түрдүү тармактардын эксперттери, ошондой эледүйнөдөгү алдыңкы консалтингдик компаниялардын бири Boston Consulting Group (BCG) өкүлдөрү катышууда.
Негизги максат – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттик саясаттыкомплекстүү модернизациялоого багытталган өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу. Талкуунун жүрүшүндө программаны ишке ашыруунун конкреттүү милдеттери жана механизмдери, ошондой элеаларга жетүү жолдору аныкталат.
Талкуунун жыйынтыгы өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүнкомплекстүү стратегиясын түзүүдө маанилүү кадам болуп калат деп күтүлүүдө.