Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 МВт болгон Чаткал ГЭСтер каскады курулууда
президенттин администрациясы
26 октябрь

Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 МВт болгон Чаткал ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 МВт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу 25-октябрда президент Садыр Жапаров билдирди. 

Анын айтымына караганда, долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, райондун гидроэнергетикалык потенциалын пайдаланууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.