2026-жылдагы Улуттук банктын бардык кирешесин республикалык бюджетке которуу сунушталды
Кыргызстанда Улуттук банктын 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча алган пайдасынын 100 пайызын республикалык бюджетке которуу сунушталууда.
Тиешелүү конституциялык мыйзамдын долбоору бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, бул үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин пайданы бөлүштүрүүнү жана Улуттук банктын резервдерин түзүүнү жөнгө салган айрым ченемдеринин колдонулушун убактылуу токтотуу сунушталууда.
Натыйжада жөнгө салуучу органдын 2026-жылдагы бардык пайдасы республикалык бюджетке түшүүгө тийиш.
Долбоорду иштеп чыгуучулардын белгилешинче, түшкөн каражаттар бюджеттик чыгымдарды, анын ичинде социалдык маанидеги чыгымдарды каржылоого жумшалат.
Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчисинин 2026-жылдын 18-августунда өткөн кеңешмесинин протоколун аткаруу максатында даярдалган.
Документти кезексиз тартипте кароо сунушталууда.
Мындан тышкары, демилгечилер мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда кабыл алууну сунушташууда. Бул бюджеттин киреше бөлүгүн ыкчам камсыз кылуу жана социалдык маанидеги чыгымдарды каржылоо зарылдыгы менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле негиздеме-маалымкатта мыйзамдын кабыл алынышы башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү же уюштуруу иш-чараларын өткөрүүнү талап кылбай турганы белгиленген.
