Жалал-Абад облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Кытайдагы эл аралык форумда тааныштырылды
КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономялык районунун Үрүмчү шаарында өтүп жаткан “Синьзян (Кытай) – Кыргыз Республикасы” аталышындагы эл аралык инвестициялык жана тышкы соода форумуна катышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Форумдун курамында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, инвесторлор, экспорттук-импорттук компаниялар, ири өндүрүш ишканалары жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө Манасбек Базылбеков сөз сүйлөп, Жалал-Абад облусу менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жылдан-жылга бекемделип жатканын белгиледи.
Ал эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагындагы өз ара байланыштар, ошондой эле аймактар аралык кызматташтык соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болуп жатканын айтты.
Аппарат жетекчи Манасбек Базылбеков Жалал-Абад облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, кайра иштетүү тармагы, транспорт жана туризм багыттары чет элдик инвесторлор үчүн артыкчылыктуу экенин билдирди.
Мындан сырткары, учурда ишке ашырылып жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Сузак районундагы эл аралык “Жалал-Абад” аэропортунун курулушу өңдүү ири долбоорлор аймактын экономикалык потенциалын арттырууда өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.
Форум 24–26-май күндөрү өтүп, анын алкагында B2B жана B2G жолугушуулар, өндүрүш ишканаларын жана индустриалдык парктарды кыдыруу иш-чаралары уюштурулду.
