Башкы прокуратура тарабынан ветеринардык чөйрөдө ишкердик субъекттеринин укуктарын чектөө фактылары аныкталды
28 май

Башкы прокуратура тарабынан ветеринардык чөйрөдө ишкердик субъекттеринин укуктарын чектөө фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көзөмөл жүргүзүү ишинин алкагында жеке ветеринардык практикага байланыштуу кабыл алынган актыларды изилдеп чыкты.

Көзөмөл ишинин жүрүшүндө, жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбеген чечимдердин кабыл алынышы аныкталып, аны менен жеке ветеринардык адистердин азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу жолу менен ишкердик субъекттеринин укуктары чектелгендиги такталган.

Башкы прокуратуранын чара көрүү актысынын негизинде Министрлер Кабинети тарабынан «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, жеке ветеринардык дарыгерлерге азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жана сыноо протоколдорун берүү укугу кайра калыбына келтирилди.

Бүгүнкү күндө азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары жөнүндө жобо бекитилип, 21 жеке ветеринардык адис менен ветеринардык-санитардык экспертиза жаатындагы айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Башкы прокуратура ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү иштерин улантууда.