Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Нарын облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 540,3 млн сом каржылады
15 сентябрь

Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Нарын облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 540,3 млн сом каржылады

Нарын облусу боюнча 2025-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 475,5 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

1. Теңдөөчү трансферт – 271,0 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 9,7 млн сом;
3. Электр энергияга 50% компенсация – 53,7 млн сом;
4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 26,0 млн сом;
5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 84,8 млн сом;
6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 9,3 млн сом;
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык – 21,0 млн сом;

Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 64,8 млн сом бөлүнүп берилди.

Жалпы – 540,3 млн сом