Кыргызстанда Корей салатын өндүрүүчү ишкананын өндүрүшү жаңыланып, жакында ачылат
2025-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасында корей салаттарын өндүрүүгө адистешкен «Айджен Компани» ЖЧКсы өндүрүшүн кеңейтип – өз ишинде суткасына 2 тонна жашылчаны кайра иштетип баштайт.
Агроөнөр жай тармагында 18 жылдык тажрыйбасы бар компания бул долбоорду толук өндүрүштүк цикл форматында ишке ашырууда – айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдөн тартып, даяр салаттарды чыгарууга чейин КНЧ менен иштейт.
Бүгүнкү күндө ишкананын карамагында:
- 70 сотых аянттагы күнөскана чарбасы;
- 9 гектар айдоо талаа жерлери;
- негизги айыл чарба өсүмдүктөрү – капуста, дайкон, калемпир, батат жана салаттардын башка ингредиенттери бар.
Жаңы өндүрүштүк база ишке кирсе, анда 6 түрдөгү салттуу корей салаттары чыгарылат:
кимчи, кактуги, маныльтэн, танмучи, канжан маныльтэн жана модум чанъаччи.
Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – жергиликтүү өндүрүшкө басым жасоо. Жалпы чыгымдардын 97% өлкө ичинде, ал эми 3% гана оригиналдуу корей уруктарын сатып алууга багытталат.
Ишкананын ишке кириши төмөнкү негизги натыйжаларды камсыз кылат:
- жаңы жумуш орундарын түзүү;
- экспорттук потенциалды кеңейтүү;
- азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө;
- кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошуу.
2008-жылы негизделген «Айджен Компани» бүгүнкү күндө Кыргызстандагы сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат.
