1 264 жаңы жумуш орундар түзүлдү: айыл чарба кайра иштетүү тармагы жанданууда
2025-жылдын жыйынтыгы менен кооперация, кайра иштетүү, логистика жана механизация (МТС) тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Айыл чарба инфраструктурасы кеңейип, өндүрүш күчөп, жаңы жумуш орундар түзүлдү.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 483 кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат, анын 39у жаңы ачылды. Ошондой эле 5 200 чакан ишкана бар, алардын 61и быйыл түзүлгөн. Логистикалык инфраструктура да кеңейип, 40 соода-логистикалык борбор, 264 жашылча сактоочу кампа жана 115 мал союу пункту ишке кирди.
Продукциянын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, 56 ишканада эл аралык сапат стандарттары киргизилди. Айыл жеринде биригүү күч алып, 821 айыл чарба кооперативи иштеп жатат, анын 68и жаңы.
Механизация багытында дыйкандарга чоң колдоо көрсөтүлдү: 9 079 даана айыл чарба техникасы лизинг аркылуу берилип, анын жалпы суммасы 25,2 млрд сомду түздү. Ошондой эле өлкөдө 186 МТС иштеп жатат (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик).
Бул иштердин натыйжасында тармакта жалпысынан 31 276 жумуш орду түзүлүп, анын 1 264ү жаңы жумуш орундар болду.
2025-жыл кооперация, технология жана өнүгүүнүн жылы катары айыл чарба тарыхында өз ордун тапты.
