Кыргызстандын алтын экспорту кыскарды
20 октябрь

Кыргызстандын алтын экспорту кыскарды

2025-жылдын январынан августуна чейин Кыргызстандан $446,6 млн 4,2 тонна алтын экспорттолгондугун Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Августта өлкө жалпысынан 415,9 килограмм алтын жөнөткөн, анын 229 килограммы Улуу Британияга $24,7 млн, 186,8 килограммы Швейцарияга $20,5 млн кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында төмөнкү өлкөлөр алтынды экспорттогон:

Швейцария – $267,5 млн 2,5 тонна;

Улуу Британия – $167,2 млн 1,6 тонна;

Малайзия – 100 килограмм $10,7 млн;

Түркия – $1 млн 10,6 килограмм.

2025-жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде Кыргыз Республикасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4 тоннага аз алтын экспорттогон.