Аквамаданият кластерин түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу перспективалары талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «ПРАЙМ ФИШ» ЖЧКсынын өкүлү Жыргалбек Орозалиев жана Түркия Республикасынын аквамаданият боюнча инженери Эрдем Фарух менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычында толук өндүрүштүк циклди камтыган аквамаданият кластерин түзүү боюнча инвестициялык долбоордун концепциясы сунушталды.
Тараптар балык өстүрүүнү, тоют өндүрүүнү, продукцияны кайра иштетүүнү жана экспорттук багытты өнүктүрүүнү камтыган заманбап балык чарба комплексин түзүү боюнча долбоорду, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган инвестициялык демилгелерди кароого ар дайым ачык. Биз мындай долбоорлорду колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз.
— Равшанбек Сабиров
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары иштеп чыгууну жана аны колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты.
