«Экопродукт Азия» ишканасы модернизациянын жаңы этабында: өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 40 миң тоннага жетет
Шопоков шаарындагы «Экопродукт Азия» ЖЧКсына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү онор жайы министри Бакыт Төрөбаев барып, ишкананын учурдагы абалы, реконструкциянын жүрүшү жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.
Иш сапарынын алкагында компания жетекчилиги өндүрүш аянттарын, жаңыланган зоналарды, жаңы цехтердин долбоорлорун, кампаларды жана сапат лабораториясын көрсөттү. Ошондой эле орнотууга даярдалып жаткан жаңы, жогорку технологиялуу жабдуулар тууралуу маалымат берилди.
Таанышуу учурунда ишкананын өз өндүрүшүндөгү ультрапастерленген сүт жана түз сыгылган ширелердин дегустациясы өткөрүлдү.
Бакыт Төрөбаев продукциянын сапатын жогору баалап, ишкананын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүдөгү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөдөгү маанилүү ролун белгиледи.
Ишкананы өнүктүрүүгө жалпы 9,622 млн доллар инвестиция салынган. Анын 43,88% – компаниянын өз каражаты, 56,12% – Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу. Модернизация толук аяктагандан кийин «Экопродукт Азиянын» өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 40 000 тоннага чейин жетет.
Компания ички рыноктогу позициясын чыңдап, экспорт багыттарын кеңейтип, табигый жана сапаттуу кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгарууну улантууда.
