Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары $1 млрд ашты
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары $1 млрд ашты

Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы эки тараптуу каржылоонун эң ири институту бойдон калууда, деп билдирет КР Экономика жана коммерция министрлиги. 

Маалыматта айтылгандай, 2015–2025-жылдар аралыгында:

Жалпы суммасы 1 млрд 28 млн АКШ долларын түзгөн 3 696 долбоор каржыланды.

Анын ичинде:

  • 163 ири инвестициялык долбоорго – 735,4 млн АКШ доллары;
  • 3 533 чакан жана орто бизнес долбооруна – 292,5 млн АКШ доллары бөлүндү.

Инвестициялар төмөнкү тармактарга багытталды:

  • агроөнөр жай комплекси;
  • өнөр жай;
  • курулуш материалдарын өндүрүү;
  • кайра жаралуучу энергетика;
  • транспорт;
  • инфраструктура;
  • туризм;
  • санариптик технологиялар.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонд каржылаган ишканалар:

172,9 млрд сом өлчөмүндө киреше тапты;

342,7 млн АКШ долларына продукция экспорттоду;

9,8 млрд сом салык төлөдү;

33,7 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түздү.