Кыргызстан деңизге чыгууга аракет жасоодо: Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун карады
23 апрель

Кыргызстан деңизге чыгууга аракет жасоодо: Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда деңиз соодасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун кароодо. Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун айтымында, Кыргызстан географиялык жактан деңизге чыгууга жолу жок болгонуна карабай, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, бул жаатта көп иштерди аткарууга болот. Мисалы, Түркия менен келишим түзүү аркылуу, анын портторундагы кемелерге кыргыз желегин илүү мүмкүн. Бул кыргызстандык ишкерлерге эл аралык рынокко чыгууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. 

Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорун элге кеңири түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи. 

“Бизде деңиз жок, анда эмнеге мындай мыйзам керек деген суроо жаралышы мүмкүн. Мында ишкерлерге кошумча транспорт жолдору ачылганын түшүндүрүү керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, Түркия менен келишим түзүлсө, ишкерлер барып эркин экономикалык аймактан аянтчаларды ижарага алып, товарларын Африка, Америкага чейин жөнөтө алышат. Бирок мыйзам иштегидей болсун, чаң басып жата бербесин”, – деди депутат. 

Ахматов белгилегендей, Кыргызстан деңиз жолуна кошулууга көптөн бери аракет жасап келет. Мисалы, 2024-жылы ИМО эл аралык деңиз уюмуна мүчө болгон, БУУнун деңиз укугу боюнча конвенциясына кошулган. 

“Бул долбоордон Кыргызстанга чыгаша болбойт, бир гана киреше кирет. Мисалы, азыр Монголиянын желеги астында деңизде 400 кеме жүрөт. Биз кемелерди ижарага албайбыз, жеке тармактар өздөрү бизге кайрылып, желегибизди сурашат. Мындан бизге киреше гана келет”, – деди министрдин орун басары. 

Жумабеков жүргүнчүлөрдү жана жүк жеткирүү боюнча эң кымбат логистика авиа жолдору, андан кийин автоунаа жолдору экенин эске салды. Анын айтымында, андан соң темир жолу турат – бул эң арзан логистика. Бирок деңиз жолу темир жолдон да арзанга түшөт.