Кыргызстан беш жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрдү
2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Д. Амангелдиев, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Г. Бектурова, министр М. Машиев, министрдин биринчи орун басары Б. Джусупбеков, жана министрдин орун басарлары А. Мусаев , М.Жусупбеков , министрликтин борбордук аппараттынын кызматкерлери жана регионалдык башкармалыктардын , жаратылыш коруктарынын ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык жетекчилери катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө 2025-жылдагы жетишкендиктер талданып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.
Тоо-кен тармагындагы жыйынтыктар
Акыркы беш жылда жер казынасын пайдалануу тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлдү. 2024–2025-жылдары 8 ири долбоор ишке киргизилип, 2025-жылы 105 лицензия мамлекеттик ишканаларга берилди. Лицензиялык талаптарды бузган 320 лицензия жокко чыгарылды. Бүгүнкү күндө 2014 лицензия күчүндө.
Акыркы 5 жылда тармактан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, өсүү 3,5 эсени түздү. 2025-жылы 65,4 млрд сом түшүп, рекорддук көрсөткүч камсыздалды. Бул жылы 40 аукцион өткөрүлүп, 105,6 млн сом түшкөн. 5 жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү.
«Кумтөр» – стратегиялык объект
2021-жылдан бери мамлекеттик көзөмөлдөгү «Кумтөр» кенинен 5 жылда 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. 2025-жылы таза пайдасы 706 млн АКШ долларын түздү. Жалпы 70 тонна алтын өндүрүлүп, запастар көбөйтүлдү.
