Балыкчыдан келген туристтик поезд: Кыргызстанга чет өлкөлүк коноктордун келүүсү уланууда
11 апрель

Балыкчыдан келген туристтик поезд: Кыргызстанга чет өлкөлүк коноктордун келүүсү уланууда

2025-жылдын 11-апрелинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Поезд менен Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан туристтер келишти.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы менен биргеликте туристтерди салтанаттуу тосуп алышты. Иш-чаранын алкагында «Кыргыз темир жолу» тарабынан улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, конокторго шырдактар, кийиз буюмдары, улуттук тиричилик буюмдары жана кыргыз маданиятынын башка элементтери көрсөтүлдү. Бул чет элдик конокторго кыргыз элинин салт-санаасы менен жакындан таанышууга жана улуттук меймандостукту сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Тосуу аземин Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы уюштурган «Доор» фольклордук ансамблинин кыргыз улуттук музыкаларын аткаруусу менен коштолду.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин туристтер борбор калаа боюнча экскурсияга жөнөп кетишти. Күндүн жүрүшүндө алар Бишкек шаарынын негизги кооз жерлерин кыдырып, анын тарыхы, архитектурасы жана бүгүнкү шаар турмушу менен таанышышат.

Эл аралык туристтик поезд Кыргыз Республикасына 10-апрелде келген. Биринчи күнү коноктор Ысык-Көл облусуна барып, көл жээгинде алар үчүн атайын тааныштыруу программасы уюштурулган. Туристтер аймактын кайталангыс жаратылышы, ошондой эле кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен таанышышты.

Поезддин курамында 13 заманбап, ыңгайлуу вагон бар. Алар менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 90дон ашуун турист келди.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИси туристтик поезддин кыймыл графигинин так сакталышын камсыз кылуу менен бирге, чет элдик коноктордун Кыргыз Республикасынын аймагында коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдө.