«Риха» компаниясы халал сертификатынын жокко чыгарылышы тууралуу маалыматты четке какты
«Риха» компаниясы социалдык тармактарда ага караштуу компаниялар халал-сертификаттан ажыратылды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, «Риханын» ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо иши жөнүндө» мыйзамына ылайык лицензиялоого жатпайт. Ошондуктан лицензиянын бар же жоктугу же аны кайтарып алуу тууралуу айтылган билдирүүлөрдүн укуктук негизи жок экени белгиленди.
«Риха» компаниялар тобуна кирген бардык ишканалар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген жарактуу халал-сертификаттарга ээ. Өндүрүш процесстери халал стандарттарынын талаптарына толук жооп берет жана үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Ишкердик аброюн коргоо жана жалган маалыматтардын жайылышын алдын алуу максатында компания Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атына жана КР Экономика жана коммерция министрлигине тастыктоочу документтер менен кошо расмий кайрылуу жөнөткөн.
Эске салсак, 2026-жылдын 19-январында Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Примов халал продукциядан чочконун эти табылган учурда кандай чаралар көрүлөрү тууралуу суроо көтөргөн.
Бул суроого Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов жооп берип, Кыргызстанда буга чейин ушундай мыйзам бузуу фактысы катталганын белгилеген.
«„Риха“ компаниясы өз продукциясы халал стандарттарына жооп берет деп билдирген, бирок анда чочконун эти аныкталган», — деп түшүндүргөн ал.
