Кыргызстанда 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар
25 март

Кыргызстанда 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен:  

  • Трактор -  22 123 даана
  • Соко – 11 320 даана
  • Үрөн сепкич -  3270 даана
  • Малалар - 14551 даана
  • Жер семирткич-чачкычтар - 755 даана
  • Арык казгыч - 1387 даана
  • Жер тегиздегич - 2006 даана
  • Трактор чиркегич - 9111 даана ж.б 

Республиканын аймактарында жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.

Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 87% түздү.

Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 123 трактордун ичинен 19 022 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 86%, соколордун 87%, үрөн сепкичтердин 87%, малалардын 89%, жер семирткич чачкычтардын 90%, арык казгычтардын 85%, жер тегиздегичтердин 88%, трактор чиркегичтеринин 87% даяр.

Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө.