Тармактык комитет электрондук векселди колдонууга киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 30-марттагы жыйында «Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Маалымат менен финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев тааныштырып, мыйзам долбоору каржы инфраструктурасын модернизациялоо жана колдонуудагы укуктук талаанын чегинде карыздык милдеттенмелерди жүгүртүү куралдарын санариптештирүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
«Заманбап электрондук карыздык инструменттерге болгон муктаждык, электрондук вексель (e-вексель) эсептешүүлөр жана ликвиддүүлүктү башкаруу үчүн келечектүү инструмент болуп саналат жана бир катар маанилүү артыкчылыктарга ээ. Ошол эле учурда кагаз векселин алып салуу маселеси каралбайт, кагаз жана электрондук формалардын параллелдүү жүрүшү сунушталууда. Электрондук векселди киргизүү рыноктун катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган», – деди баяндамачы.
