Энергетика министрлиги бензин жана дизелдин кымбатташы эмнеге байланыштуу экендигин түшүндүрдү
Энергетика министрлиги Кыргызстандагы мунай продуктыларынын баасы жана жеткирүү абалы тууралуу расмий маалымат таратты.
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2016-жылдагы Өкмөттөр аралык Макулдашуунун алкагында мунай продуктыларын жеткирүү жүргүзүлүп жатат. Индикативдик баланста каралган көлөмдөр жана ички резервдер өлкөнүн керектөөлөрүн камсыздоого жетиштүү.
Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Россия Федерациясынан импорттолот. 2025-жылга карата сүйлөшүлгөн көлөм толук аткарылып бүтө элек. Алдыдагы айларда мунай продуктуларынын жеткирүүсү улантылат. Ошол эле учурда 2026-жылга карата жаңы көлөмдөрдү макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын жай айларынын ортосунан тарта ички рынокто бензин жана дизелдик отундун баасынын өсүшү байкалууда. Бул дүйнөлүк мунай баасынын кымбатташы, ошондой эле Россия Федерациясындагы айрым мунай иштетүүчү заводдордогу пландуу жана пландан тышкаркы оңдоо иштерине байланыштуу.
Россия Федерациясынын 2025-жылдын 27-августунда бензинди экспорттоого киргизген убактылуу чектөөсү Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрүнө тиешеси жок. Ошондуктан Кыргыз Республикасы келишилген көлөмдө күйүүчү май менен камсыз болууда.
Энергетика министрлиги ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүп жатат.
