Кыргызстан жана Албания экономикалык байланыштарды активдештирүүнү көздөшөт
Экономика министрлиги
23 апрель

Кыргызстан жана Албания экономикалык байланыштарды активдештирүүнү көздөшөт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 22-апрелде Албания Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеж менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Тараптар өз өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердикти колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Министр Бакыт Сыдыков экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүү, кош салык салуудан качуу, туризм тармагында кызматташуу маселелерин иштеп чыгууну сунуштады.

Элчи айым Блерта Кадзадеж экономикалык байланыштарды активдештирүү жана келишимдик базаны өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечектүү тармактарын белгиледи.