МСК мурда кагаз түрүндө берилген жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрүн санариптештирди
Мамлекеттик салык кызматы мурда кагаз түрүндө берилген жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрүн толугу менен санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Эми мурда берилген кагаз күбөлүктөрдүн электрондук версиясын ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетинен каалаган убакта өз алдынча жүктөп ала алышат. Мунун натыйжасында күбөлүк жоголгон учурда анын жоголгондугу тууралуу жарыя берүү зарылдыгы жоюлду.
Эске салсак, 2022-жылга чейин жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр кагаз түрүндө гана берилчү. Эгерде салык төлөөчүнүн каттоо картасы (көчүрмөсү) же мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү жоголсо, жеке ишкер документтин жоголгондугу жана анын жараксыз деп табылганы тууралуу расмий басылмага жарыя берүүгө милдеттүү болчу.
Күбөлүктүн электрондук версиясын алуу үчүн салык төлөөчү cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, башкы беттен «Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр» бөлүмүн тандап, документти жүктөп алса жетиштүү. Зарыл болгон учурда аны каалаган убакта басып чыгарууга болот. Бул үчүн жоголгондугу тууралуу жарыя берүү же кошумча жол-жоболордон өтүү талап кылынбайт.
Бул кызмат жарандар менен салык органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө, ишкерлердин убактысын жана чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле мамлекеттик санариптик кызматтарды мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
