Бажы кызматы: электромобилдерди алымсыз ташып кирүү лимити аяктады
26 сентябрь

Бажы кызматы: электромобилдерди алымсыз ташып кирүү лимити аяктады

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанга электромобилдерди алымсыз ташып кирүүгө каралган сандык чектөө толук пайдаланылганын билдирет.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 Чечиминин 7.1-пунктунун 7.1.38-пунктчасына ылайык ЕАЭБ ТЭИ ТН 8703 80 000 2 коду менен классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар мотор транспорт каражаттары ташып кирүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотууга кирет, төмөнкү чектөө боюнча:

• 2022-жылы - 5000 бирдик,

• 2023-жылы - 10 000 бирдик,

• 2024-жылы - 10 000 бирдик,

• 2025-жылы - 10 000 бирдик.

2025-жылдын 25-сентябрына карата 10 000 бирдик көлөмүндөгү бажы алымы төлөнбөстөн электромобилдерди алып кирүү лимити толук пайдаланылды.

Буга байланыштуу, мындан ары Кыргызстанда электромобилдерди алып кирүү бажы алымы төлөнгө шартта гана жүргүзүлөт, алымдын өлчөмү алардын бажы наркынын 15% түзөт.