Искендер Шаршеев: Жакынкы келечекте электр энергиясы менен жүрүүчү айыл чарба техникалары пайда болот
Дүйнөдө электромобилдердин түрлөрү көбөйүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан электромобилдерди колдонуучулардын ассоциациясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Искендер Шаршеев билдирди.
Айтымында, Кыргызстанда азырынча электр кубаты менен жүрүүчү автоунаалар колдонулуп жатат. Ошол эле убакта дүйнө жүзүндө, мисалы АКШда электр менен иштеген трактор, Кытайда оор жүк ташуучу унаалар пайдаланууга бериле баштады.
“Жакынкы келечекте ушул багыттагы айыл чарба техникалары да пайда болот. Биз ага да жетишибиз керек, анткени бул дыйкандарга күйүүчү майга болгон чыгымын азайтууга жардам берет. Мамлекеттен бир гана заряддоочу жайларды өнүктүрүү, электр кубаттуулугун көбөйтүү жасалышы керек. Мисалы, эгерде транспорттордун 70-80 пайызын электромобилдерге алмаштырсак, жылына 2-3 миллиард кВт керектелет”, – деди ал.
Шаршеев кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда транзитте турган унааларды кошкондо 25-35 миңдин тегерегинде электромобилдер бар.
