
Бишкек жана Кыргызстан боюнча кайсы аймакта эң арзан эт сатылат?
Бишкектин жана Кыргызстандын кайсы аймагынан эң арзан баадагы этти табууга болоорун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Евразия экономикалык комиссиясынын талдоо, отчеттуулук жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Оксана Горьянова “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Ал белгилегендей, мониторингдөөнүн маалыматына караганда, бул азыктын эң төмөнкү баасы Бишкектеги Ош жана Аламүдүн базарларында аныкталса, Орто-Сай жана башка чакан базарларда кымбат экени байкалган.
Ал эми аймактарга келсек, эт Талас, Каракол жана Жалал-Абадда бир топ төмөнкү баада сатылат. Эң жогорку баа Нарында, ошондой эле Бишкек, Токмок сыяктуу шаарларда.
Ошол эле учурда Горьянова арзан этти социалдык тармактар, lalafo аркылуу да тапса болорун, бирок ал жактан дүңүнөн – 8-10 кгдык пакеттерде сатып алууга туура келерин белгиледи. “Бул эт дагы санитардык-эпидемиологиялык текшерүүдөн өтөт. Көбүнчө уй эти сатылат, анын 1 кг 520 сомдон 550 сомго чейин бааланат”, - деди ал.