Чүй облусу – өсүү аймагы: 7 логистикалык борбор жана 78 кайра иштетүү ишкана
16 декабрь

Чүй облусу – өсүү аймагы: 7 логистикалык борбор жана 78 кайра иштетүү ишкана

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү максаттап, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Чүй облусунун өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын потенциалына жасалган талдоонун негизинде 7 соода-логистикалык борборду (СЛБ) жана 78 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландаштырылган. Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык иштеп, айыл чарба продукциясын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн арттырууга багытталат. Алардын ишмердүүлүгү буудайды, жашылча-жемиштерди, мөмө-жемиштерди, сүттү, этти, жүндү кайра иштетүүнү, ошондой эле май жана тоют өндүрүүнү камтыйт.

Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:

• Аламүдүн району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
• Жайыл району – 1СЛБ, 14 кайра иштетүучү ишкана;
• Москва району – 1 СЛБ, 12 кайра иштетүүчү ишкана;
• Сокулук району – 1 СЛБ, 8 кайра иштетүүчү ишкана;
• Ысык-Ата району – 1 СЛБ, 9 кайра иштетүүчү ишкана;
• Кемин району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
• Панфилов району: 5 кайра иштетүүчү ишкана;
• Чүй району – 1 СЛБ, 9 кайра иштетүүчү ишкана;
• Токмок шаары – 9 кайра иштетүүчү ишкана;
• Бишкек шаары – 5 кайра иштетүучү ишкана.

Бул чаралар бардык район жана айыл аймактарын камтып, ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык ишканаларды туруктуу чийки зат менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Натыйжада айыл чарба продукциясынын жоготуулары азайып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, агроөнөр жай комплекси атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Министрлик пландарды жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырып, Чүй облусунун жана башка региондордун агроөнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган иштерди улантат.

Министрлик белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу алкагында өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат. Бул демилгелер аймактарда кайра иштетүү тармагын жана агробизнесин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.