ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди
2025-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу бардык ЕАЭБдин мүчө- өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Кыргызстанда баанын өсүшү (0,2 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарларынын (0,2 пайызга) баалардын өсүшү менен шартталган.
2025-жылдын мартында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (4,5 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарларга (2,4 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин максималдуу өсүшү (4,5 пайызга) Беларусь жана Казакстанда катталган.
