Кыргызстан менен Зимбабве экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты
КР Соода-өнөр жай палатасында Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган делегация менен жолугушуу өттү.
КР СӨПүнүн вице-президенти Санжар Дыйканов Кыргызстандын экономикасы, Палатанын ишмердүүлүгү жана ишкерлер үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Тараптар өз ара кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулап, IT-технологиялар, тоо-кен өнөр жайы, пайдалуу кендерди иштетүү, ошондой эле кофе өндүрүү жана жеткирүү тармактарына өзгөчө көңүл бурушту.
Зимбабвенин өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанга өзгөчө кызыгуу менен карап жатышканын белгилешти. Алардын пикиринде, эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар, ал эми азыркы шартта географиялык аралык бизнес үчүн тоскоолдук болбой калды.
Тараптар ишкерлердин түз байланыштарын түзүүгө жана кызматташтыкты конкреттүү долбоорлор менен улантууга кызыкдар экенин билдиришти.
